Жакында президенттик аппараттын жыйыны өтүп, жооптуу кызмат адамдарынын ишине баа берилет

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 11:27
img_0822_730x0_730x0.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon www

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Жакынкы убакта президенттик аппараттын жыйыны өтүп, анда жооптуу кызмат адамдарынынын ишине баа берилип, жыйынтыктар чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда өткөн брифингде президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкердин иши боюнча жыйынтык чыгаруу, жаза албаганга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга стимул болот.

«Тилекке каршы, биз өлкө жетекчилигинин чечимдери жетиштүү түрдө аткарылбаган же начар аткарылган жагдайларга туш болуп жатабыз. Бирок таптакыр эле аткарылбай жатат деп айтууга болбойт.

Өлкө жетекчилигинин чечимдери аткарылып жатат. Бирок, алар кантип аткарылууда деген суроо бар. Мөөнөттөр кечиктирилип, жарым-жартылай жана начар аткарылат, бул терс кесепеттерге алып келет жана актуалдуулугун жоготуу коркунучу келип чыгат.

Ошондуктан биз ыйгарым укуктарыбыз менен тартиптик чараларды көрөбүз. Ал – сөгүш, эскертүү жана жумуштан бошотуу.

Кээде мамлекеттик кызматкердин ишинен кылмыш белгилерин таап, материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүүгө аргасыз болуп калабыз», - деди ал.

Азамат Осмонов кошумчалагандай, ар бир аткаминер өз ишинин натыйжалуулугун жогорулата алат. «Бүгүнкү күндө ишке ашыруу кыйын болгон, мүмкүн эмес же космостук чечимдер жок. "Жөнөкөй шалаакылык бар" деди ал.