Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протокол бөлүмүнүн директору Типу Усман менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда 12-13-май күндөрү Исламабад шаарында өтө турган кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча 5-жыйынына даярдык маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар алдыдагы жыйынды уюштуруу жана протоколдук даярдык маселелерине көңүл бурушту.
Элчи кыргыз делегациясынын курамы жана сапардын программасы тууралуу пакистан тарапка маалымат берди. Делегацияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Жолдубаевич Байсалов жетектейт.
Кыргызстандын элчиси кыргыз тарап бул иш-чарага даяр экендигин билдирип, алдыдагы 5-жыйын эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты, айрыкча соода-экономикалык жана транспорт-логистикалык тармактарда, диверсификациялоого күчтүү түрткү берет деген үмүтүн билдирди.
Өз кезегинде Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протокол бөлүмүнүн директору пакистан тарап бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтып, анын уюштурулушу жана өткөрүлүшү боюнча бардык маселелерде активдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинде турган жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарлар боюнча да пикир алмашуу болду.