Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Индонезиянын борбору Жакартадагы катуу селден улам 1 миң 200 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу БелТА кабарлады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, Силивунг дарыясынан улам келип чыккан катуу суу ташкынынан Түштүк жана Чыгыш Жакартадагы 25 турак жай олуттуу жабыркаган.
Ал эми Түштүк Жакартадагы Раваджатиде 224 үйдү суу каптап, суунун деңгээли 50 сантиметрден 1,5 метрге чейин жеткен, жалпысынан селден 485 үй-бүлө жабыркаган.