Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Индонезиянын борбору Жакарта шаарында бүгүн футзал боюнча Азия кубогу - 2026 мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тайпалык этапта биздин «Ак шумкарларга» олуттуу атаандаштар менен беттешүүгө туура келет. Улуттук курама алгачкы оюнун бүгүн Ирак командасына каршы өткөрөт.
Улуттук кураманын беттештеринин графиги:
- 27-январь | 14:00 – Ирак — Кыргызстан
- 29-январь | 18:00 – Индонезия — Кыргызстан
- 31-январь | 18:00 – Кыргызстан — Түштүк Корея