Жакарта дүйнөдөгү калкы эң көп шаар аталды

Дүйнө Загрузка... 28 Ноябрь 2025 09:15
257e30ee-fa3d-4d5c-89b0-c33e60bac2e7.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Индонезиянын борбору Жакарта дүйнөдөгү калкы эң көп шаар деп табылды. Бул тууралуу Известия билдирди.

Анда белгиленгендей, Джакарта калкынын жыш жайгашкандыгы боюнча Токиону артта калтырды.

Бириккен улуттар уюмунун жаңы эсебине ылайык, анда азыр 42 миллион адам жашайт.

Экинчи орунда - 37 млн калкы бар Бангладештин борбору Дакка шаары турат.

Ал эми үчүнчү орунду 33 млн эли бар Токио ээледи.

БУУ бул маалыматтарды жаңы эсептөө ыкмасы менен чыгарып, бардык өлкөлөргө бирдей географиялык жана демографиялык өлчөмдөрдү колдонду.

Буга чейин Япониянын бийлиги жумасына төрт күн иштөө тартибине өткөн. Бул чара калктын саны азайып, улгайгандардын саны көбөйүп жатканына каршы күрөшүүгө багытталган социалдык эксперимент экендиги белгиленген.