Күн мурун президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөнүн булуң-бурчунда квадроциклдер жана жол тандабас унаалар менен жайыттарды тебелеп жаткан учурлар көбөйгөнүн билдирди. Буга байланыштуу өлкө башчысы ички иштер министри менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадроциклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айып пул салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бергенин белгиледи. Бүгүн “Кабар” маалымат агенттиги Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев менен президенттин тапшырмасы боюнча сүйлөштү.
Бекжан Султангазиевдин айтымында, бүгүнкү күндө жайыттарды жана тоо-таштарды техникалар менен тепселетүү системалуу көйгөйгө айлануусун алдын алуу иштери жүрүп жатат.

“Бул боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн атайын нормалар жетишсиз. Президенттин тапшырмасынын негизинде Жаратылыш ресурстары министрлиги ушул боюнча норма иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле учурда бул боюнча министрлер кабинетинин дагы атайын токтому даярдалууда. Андан кийин коомдук талкууга чыгарылып, эксперттердин жана активисттердин сунуш-пикирлери дагы эске алынат. Жаңы нормага техникаларды конфискациялоо маселеси дагы киргизилүүдө. Президент кол коюп, тийиштүү токтом күчүнө кирсе экосистеманы бузгандарга катаал жазалар көрүлө баштайт”, - деди ал.

Султангазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө жайыт жерлерди квадроцикл, квадро эндуро же мотоцикл менен тепселетип, жер кыртышын бузгандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жеке жактарга 5 500 сом, ал эми юрдикалык жактарга 20 000 миң сом айып пул каралган.
"Бүгүнкү күндө биздин кызмат тарабынан ушул сыяктуу эки факты боюнча айып пулдар салынып, 113 рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Жогоруда айтылган техникалар жакынкы жылдары эле пайда болгонуна байланыштуу учурда жайыттарды тепселетүү фактылары Бишкек шаарынын четиндеги эс алуу аймактарында жана Байтик айылынын үстү жагындагы тоолордо катталып жатат. Күн мурун эле биз оор жүк ташуучу унаага квадрациклдерди жүктөп алып, тоо тарапка бара жаткан айдоочуну кармап, бул ишке бөгөт койдук. Учурда буга тиешелүү баа берүү үчүн техникалар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, жарандар жана туристтер арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, - дейт ал.

Ал эми адис өндүрүлгөн айып пул республикалык бюджетке чегерилип, кайра эле ошол жайыттарды коргоо, бөлүштүрүү, туура пайдалануу, жакшыртуу, үрөн себүү боюнча иштерге жумшаларын белгиледи.

“Жайыттарды тебелеп, жер кыртышын бузууда биз билген жана билбеген дагы жагдайлар бар. Мисалы, техника менен тебелетип, жерди казып жатышпайбы, мында биринчиден өсүмдүктөргө зыяны тийүүдө. Ал жерде балким экологияга пайдалуу, дары чөптөр өсүшү мүмкүн, экинчиден ошол жерди байырлаган курт-кумурскаларга жана канаттууларга дагы олуттуу зыян келүүдө. Баарыбызга белгилүү болгондой, тоолордо айрым канаттуулар чөптүн арасына уя салып, ошол жерде балапан чыгарып, анан учуп кетет. Булардын баары экосистемага терс таасир этет”, - деди ал.
Мындан тышкары, Бекжан Султангазиев президенттин Ысык-Көлдү коргоо боюнча тапшырмасынын негизинде кызматтын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 7 айда 150 тор чыгарылганын билдирди.

“Анын жалпы узундугу 15 миң 400 метрди түзөт. Мындан тышкары, көлдүн түбү таштандылардан тазаланууда. Бул иштерге катар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тазалоо иштерин жүргүзүп, ал эми Ички иштер министрлиги экологиялык мыйзам бузгандарды аныктоо боюнча иштерди алып барышууда”, - деген ал.
Ошондой эле Султангазиев Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен пакеттерин жана бир жолку колдонулуучу идиштерди пайдаланууга тыюу салуу боюнча дагы түшүндүрүү иштери уланып жатканын айтып, дүкөндөргө, базарларга 900дөн ашык эскертмелер берилгенин кошумчалады.