Жайыттарды сактоо: Кыргызстанда мототранспортко чектөө күчөтүлдү

Экология Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 18:10
180b9a6d-1e66-4f1c-acd7-2a6f39ba558e.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда мототранспорт каражаттарын айрым аймактарда чектөө боюнча министрлер кабинетинин токтому кабыл алынып, учурда анын негизинде тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул чаралар жайыттарды, жаратылыш аймактарын жана экосистеманы коргоого багытталып, өлкө боюнча көзөмөл күчөтүлгөн.

Жайыт – бул унаа токтотуучу жай, жарыш өткөрүүчү трасса же эндуро үчүн мотодром эмес. Жайыт – келечек муундардын энчиси, улуттук байлык жана экологиялык коопсуздуктун маанилүү элементи. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Абдумалик уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүн көрүлгөн чаралар келечекте жаратылыш ресурстарын сактап калууга, жердин деградациясын токтотууга жана өлкөнүн экологиялык туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Жайлоолордогу, парктык зоналардагы жана көл жээктериндеги мототранспорт каражаттары көп жүргөн жерлер бара-бара жол болуп, чөп өспөгөн такыр жерге айланышы мүмкүн. Бул каражаттар катуу ылдамдык менен жүрүп, жердин катмарын талкалашат. Мототранспорт каражаттары жер кыртышын гана бузбастан, жаныбарларга да терс таасирин тийгизишүүдө. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу максатында өлкөнүн бардык облустарында рейддик иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Жайыттарды сактап калуу аракеттерин азыртадан көрбөсөк, жерлерибиз чөлгө айланып кетиши мүмкүн. Негизи жайыттар, айыл чарба жерлери өз багыты менен гана колдонулушу керек. Транспорт каражаттары атайын жолдордо гана жүрүүсү зарыл, жашыл чөптүн үстүндө жүрүүгө болбойт”,- дейт Чыңгызбек Абдумалик уулу.

Белгилей кетсек, расмий маалымат боюнча республикада жалпы 9 млн 100 миң гектар жайыт жери бар. Бирок, анын болжол менен 4 млн гектарга жакыны, башкача айтканда 35–40 пайызы деградацияга учураган.

Жайыттарды сактоо – улуттук деңгээлдеги милдет

Кыргызстандын аймагынын дээрлик жарымын түзгөн жайыттар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо жана экологиялык тең салмактуулукту колдоодо өзгөчө мааниге ээ. Жайыттар мал чарбачылыгынын негизги ресурсу гана эмес, миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоо-тиричилигинин негизи болуп саналат.

Акыркы жылдары климаттын өзгөрүшү, малдын санынын көбөйүшү жана жаратылыш ресурстарынын туура эмес пайдаланылышы жайыттарга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Бул көйгөйгө жолсуз аймактарда мототранспорт каражаттарынын, өзгөчө эндуро үлгүсүндөгү мотоциклдердин көзөмөлсүз пайдаланылышы да кошулуп, жайыттардын деградациясын күчөтүп жатат.

Ушуга байланыштуу министрлер кабинети 2026-жылдын 11-майында “Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө” токтом кабыл алган. Токтомго ылайык, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, парктык жана пляждык зоналардын чектеринде жана жайыттарда мотоцикл, квадроцикл сыяктуу мототранспорт каражаттарынын киришине жана жүрүшүнө чектөө киргизилген.

Мында мототранспортко чектөө колдонулбаган айрым учурлар белгиленген:

- Өзгөчө корголуучу аймактар аркылуу өткөн автомобиль жолдоруна;

- Биосфералык аймактардын өтмө жана санациялык зоналарына;

- Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланылган мототранспортторго;

- Жаратылыш ресурстары министрлиги менен макулдашылган, мототранспортту колдонуу зарыл болгон мамлекеттик маанидеги илимий жана маданий-массалык иш-чараларга;

- Жергиликтүү калк тарабынан чарбалык максатта колдонулган, кубаттуулугу 4 кВт ашпаган чакан электрдик мототранспортторго чектөө кирбейт.

Мототранспорт экосистемага коркунуч жаратууда

Биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Назгүл Иманбердиеванын айтымында, мототранспорт каражаттары топурактын табигый түзүлүшүн бузуп, өсүмдүктөрдүн тамыр системасына зыян келтирүү менен эрозияны күчөтүп, жайыттардин деградациясына алып келет.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Батыш Тянь-Шаны сыяктуу дүйнөлүк маанидеги аймактары биоартүрдүүлүктүн борбору болуп эсептелет. Демек, бул аймактардагы биоартүрдүүлүктү табигый түрүндө сактап калуу үчүн коргоого алынышы зарыл. Мототранспорт каражаттары жаратылыштагы жапайы жаныбарлардын тынчын алып, алардын үнү жана кыймылы жаныбарларды үркүтөт, көбөйүү жана уялоо процесстерин бузуп, миграциялык жолдоруна тоскоол болот. Айрыкча коруктардагы коргоого алынган жаныбарлар жана канаттуулар үчүн бул чоң коркунуч жаратат.
Ошондой эле мототранспорттор абанын жана суунун булганышына, өрт кырсыгынын келип чыгуу коркунучунун артышына алып келет. Тоолуу жана кургак аймактарда ысык кыймылдаткыч же андан чыккан учкун кургак чөптөрдүн күйүшүнө, токой жана талаа өрттөрүнө себеп болушу мүмкүн. Мототранспорттор ызы-чуу жаратып, жаратылыштын эстетикалык көрүнүшүн бузуп, туристтердин эс алуусуна терс таасир тийгизүүдө. Ошондуктан мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоодогу чектөөлөрдүн максаты – биоартүрдүүлүктү сактоо, жайыттарды коргоо, экосистеманын бузулушунун алдын алуу, экотуризмди туруктуу өнүктүрүү болуп саналат”,- деди Иманбердиева.

Адис белгилеген көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6 айында өлкө боюнча 109 административдик укук бузуу фактысы аныкталып, мыйзам бузуучуларга жалпысынан 597 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган. Министрликтин өкүлүнүн маалыматына ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин тиешелүү беренелерине ылайык, мыйзам бузгандарга 20 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.

Тиешелүү токтомдун негизинде министрликке жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык, мамлекеттик органдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык эскертүүчү белгилерди орнотуу жана жарандардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатканы маалымдалды. Бул багыттагы иш-аракеттердин негизги максаты – айып пул салуу эмес, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу болуп саналат.