Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Спорт Загрузка... 08 Февраль 2026 18:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 08.02.26. /Кабар/. Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ал 3000 метр аралыкта чуркоодо 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, 2-орунду ээлеген. Ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылды.

Мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээледи. Ал эми 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашты.

Чемпионаттын экинчи күнүндө 3000 метр аралыкта чуркоодо Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, чемпионат 6-8-февраль күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жатат.