Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Дөң-Булак айыл округунун мурдагы башчысы 1967-жылы туулган С.Э.Р., жер инспектору 1984-жылы туулган М.Ф.А. жана 1983-жылы туулган М.Э.Э. аттуу жарандарды кармап, УКМКнын тергөө абагына киргизген.
Тергөөдө аныкталгандай, аталган адамдар 2016-жылдан 2022-жылга чейин башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, жасалма документтерди даярдап, Өзгөн районундагы 1,5 гектар жер тилкелерин трансформациялап, кийинчерээк сатышкан.
Белгилей кетсек, жерди трансформациялоо укугу министрлер кабинетинин токтомуна ылайык гана жүргүзүлөт.
Учурда УКМК тергөө иш-чараларын улантып, бул махинацияга тиешеси бар калган адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу үстүндө иштеп жатат.