Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бүгүн Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү PANTERA LUXE TRAVEL туристтик агенттиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, өнөктөштүктүн алкагында өзбекстандык жарандар үчүн Кыргызстандагы эң кооз жерлерге кызыктуу саякаттар уюштурулат.
Алардын катарында Ысык-Көл, Сары-Челек коругу, бийик тоолуу Сон-Көл, сырдуу Көл-Суу жана башка табигый көркү менен суктандырган жайлар бар.
Соода өкүлчүлүгү биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш байлыктарын өзбекстандык туристтер үчүн дагы да таанымал кылууга умтулат.
Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Данияр Убышалиев туристтер кооз пейзаждарга суктанып, тунук көлдөрдөн ырахат алып, улуттук ашканадан даам татып, кыргыз элинин меймандостугуна күбө боло алышарын белгиледи.
"Бул меморандум эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт", – деп баса белгиледи.