Умрага жол тарткан 100дөн ашуун кыргызстандык Ташкентте калды

Коом
Умрага жол тарткан 100дөн ашуун кыргызстандык Ташкентте калды

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Умрага баруу үчүн жолго чыккан Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны 12-ноябрдан бери Ташкент шаарында кармалып, сапарын уланта албай жатышканын депутат Бурул Аманова бүгүн Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага көпчүлүгү Жалал-Абад жана Баткен облустарынан, анын ичинде Лейлек районунун бир нече айылынан жалпы 104 жаран кайрылган.

Аманова "Nur Travel" ("Nur Umra Travel") компаниясынын Мирзат аттуу өкүлү менен байланышканын билдирди. Анын айтымында, компаниянын өкүлү зыяратчылардын учуусун уюштурууга убада берген, бирок аларда азыркыга чейин билеттери жок.

Мындан тышкары, депутат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына да кайрылганын маалымдады. Ал Ташкентте калган жарандардын арасында улгайган адамдар бар экенин, алардын айрымдарынын ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп жатканын белгиледи.

"Лейлектин тургундары алардан кошумча 100 доллардан алышканын, бирок дагы деле билет берилбегенин айтышты. Компания өкүлү Мирзаттын пикиринде, дагы 400 доллардан кошумча төлөшсө, аларды жөнөтүшөт экен. Бирок жарандар билеттин акысын толугу менен төлөп коюшкандыктан, кайрадан акча төлөй албай турганын билдиришүүдө", — деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү муфтияттын, Ички иштер министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн адиси Умар Бакиров Ташкентте калган жарандар муфтияттын системасында каттоодон өтпөгөнүн "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, зыяратчылардын өздөрүнөн муфтиятка азырынча расмий кайрылуу түшкөн эмес. Муфтият бул жагдай тууралуу депутат Бурул Аманованын телефон чалуусунан кийин кабардар болгон.

"Бизде бул 104 жарандын аты-жөнү көрсөтүлгөн тизме жок. Анткени алар сапарга чыгар алдында муфтияттан каттоодон өтүшкөн эмес. Компания зыяратчыларды каттоодон өткөрүшү керек болчу, бирок аларды каттоосуз жөнөтүп жиберген", — деп түшүндүрдү Бакиров.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы буга чейин "Nur Umra Travel" компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эскертүү расмий сайтында жарыялаган.

Муфтияттын өкүлүнүн айтымында, компания тарабынан мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу маселени атайын түзүлгөн комиссия карайт. Дин башкармалыгы компаниянын аккредитациясын кайтарып алуу маселесин кароого укуктуу, бирок азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.

Бакиров ошондой эле муфтият "Nur Umra Travel" компаниясы менен байланышканын, бирок компания Ташкентте калган жарандардын аларга тиешеси жок экенин билдиргенин айтты. Учурда комиссия кырдаалды иликтөөнү улантууда.