Кыргызстандыктардын умрага баруусуна убактылуу чектөө киргизилди - муфтият

Коом Загрузка... 07 Март 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 07.03.26. /Кабар/. Кыргызстандыктардын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында өткөн жыйында айтылды.

Муфтияттан маалымдашкандай, Коргоо кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлиги, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Жарандык авиация мамлекеттик кызматы, авиакомпания жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышкан жыйында кырдаал жөнгө салынганга чейин жарандардын коопсуздугу биринчи кезекте камсыздалышы зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле Сауд Аравияга сапар алган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө умра зыяратын өтөө үчүн барып калып кеткен жарандарды мекенге кайтаруу маселелери талкууланды.

Учурдагы абалга жараша ыңгайлуу аба жолдору менен "Жазира", "Флайнас", "Эйр Арабия" жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган каттамдарды кайра жандандыруу аракеттери башталгандыгы да маалым болду.