Ташкент, 02.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын мамлекеттик карызы 2025-жылдын 1-октябрына карата 43,97 млрд долларды түздү. Анын ичинен 36,7 млрд доллары — тышкы, 7,2 млрд доллары — ички карыз. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мамлекеттик карыз 4,88 млрд долларга өстү, ал эми ИДПга карата үлүшү 32,3% болду.
Карыздын жалпы түзүмүндө тышкы милдеттенмелер 84%, ички карыз 16% түзөт. Бир адамга эсептегенде мамлекеттик карыз 1 154 долларга жетет. Тыштан тартылган каражаттын негизги бөлүгү бюджетти колдоого (47%), күйүүчү-энергетика тармагына (16%), айыл жана суу чарбасына (9%), транспорттук инфраструктурага (8%) жана турак жай-коммуналдык секторуна (8%) багытталган.
Өзбекстандын негизги кредиторлору катары Дүйнөлүк банк (8 млрд доллар), Азия өнүктүрүү банкы (7,5 млрд), эл аралык инвесторлор (евробонддор, 5,8 млрд), ошондой эле Кытай жана Япониянын каржы институттары көрсөтүлдү. 2025-жылы өлкө 5,5 млрд доллардан ашпаган тышкы каражат тартууну пландап, анын 3 млрд долларын бюджет тартыштыгын каржылоого жумшоону көздөйт.
Өлкөдө мамлекеттик карыздан тышкары мамлекеттик компанияларга тиешелүү корпоративдик тышкы карыз да өсүүдө. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 72,2 млрд долларды түздү. 2024-жылдын соңунда бул көрсөткүч 64,1 млрд доллар болгон. Мыйзам боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 60%ынан ашпоого тийиш.