Өзбекстандан ташылып келе жаткан 82 миң түп көчөт артка кайтарылды

Аймак Загрузка... 17 Март 2026 10:00
sagen-min.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Баткендеги "Кызыл-Кыя" автожолундагы фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 82 миңден ашык түп көчөт аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда көчөттөрдүн таңгактарында милдеттүү түрдө болушу керек болгон маркировка жок экени аныкталган.

Евразия экономикалык комиссиясынын талаптарына ылайык, ар бир таңгакта төмөнкү маалыматтар болушу шарт:

  • продукциянын аталышы;
  • чыгарылган өлкө;
  • экспорттоочу тарап жөнүндө маалымат.

ЕАЭБдин фитосанитардык талаптары сакталбагандыктан, аталган жүк келген өлкөсүнө кайра кайтарылды.