Ташкент, 03.03.25. /Кабар/. Өзбекстанда жумушсуз адамдарга жеке ишкер катары таксомотордук кызмат көрсөтүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин тиешелүү токтомунда каралды, деп билдирет өлкөнүн юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.
Документке ылайык, унааларда орундардын санына болгон чектөө алынып салынды, кызгылт сары TAXI чырагына болгон талап жокко чыгарылды.
Жеке таксисттер салык органдарына маалыматтарды автоматтык түрдө өткөрүп берүү менен агрегаторлор аркылуу иштей алышат. Агрегаторсуз иштегенде онлайн кассалык машиналарды колдонуу ыктыярдуу бойдон калат.
Өз алдынча иштегендердин жылына 100 мдн сумга ($7700) чейинки кирешесине салык салынбайт, жаңы жылдан баштап эсеп нөлдөн башталат. Эгерде сумма 100 мдн сумдан ашса, жеке ишкерлер үчүн салыктар колдонулат. Кирешеден 100 миллиондон баштап 1 млрд сумга ($77,5 тыс) чейинки салык агрегаторлорунан минималдуу кармап калуу пландалууда.
Эскерте кетсек, 2024-жылы мыйзамдуу такси рыногунун көлөмү 5,89 трлн сумга жетип ($0,5 млн айланасында), 736 миң өз алдынча иштеген айдоочулар катталган. Жеке ишкер катары каттоо Soliq мобилдик колдонмосунда акысыз.