Ташкент, 04.03.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, Азиз Ташпулатов Өзбекстандын Ички иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Жаңы министрдин талапкерлиги Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары тарабынан жактырылды. Ал бул кызматка Пулат Бобожоновдун ордуна келди.
Ташпулатов буга чейин Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгын жетекчиси болгон.
Мурдагы ички иштер министри Пулат Бобожонов Өзбекстандын президентинин кадр саясаты боюнча кеңешчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал 2017-жылдын сентябрынан тарта республиканын Ички иштер министрлигин жетектеп келген.