Өзбекстанда мечиттеги жарылуудан 3 адам каза болду

Борбор Азия Загрузка... 31 Март 2025 21:08
IMG-20250331-WA0071.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 31.03.25. /Кабар/. Анжиян облусунун Избаскан районундагы мечиттин аймагындагы даарат бөлмөсүндө болгон жардыруудан 3 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дүйшөмбү күнү саат 12:19да Мирзо Улугбек айылындагы имаратта газ-аба аралашмасы жарылган. Башында алты, кийин тогуз адам курман болгону кабарланган.
Жардыруу болгон жерге эки куткаруу тобу жана эки өрт-куткаруу тобу жөнөтүлдү. ӨКМ билдиргендей, имараттын дубалдары жана чатыры урап түшкөн.

Бул жерге Фергана өрөөнүндө жүргөн өзгөчө кырдаалдар министри Ботир Кудратходжаев, вице-премьер-министр Ачылбай Раматов жана Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов келишти.

Учурда бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.