Өзбекстанда мамкызматкерлер ата мекендик өндүрүштөгү унааларга өтүштү

Борбор Азия Загрузка... 12 Март 2025 09:50
A_12 (1).webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.03.25. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөт өкүлдөрүнө чет өлкөдө чыгарылган автоунааларды колдонууну токтотууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов билдирди.

Анын айтымында, премьер-министрдин өзү расмий Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү унаасын Chevrolet Malibu`га алмаштырды.

Буга чейин, 5-мартта президент Шавкат Мирзиёев мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү өндүрүш товарларына, анын ичинде автоунаа жана эмеректерге өтүүсү керектигин билдирген. 7-марттагы жыйында Абдулла Арипов бул буйрук токтоосуз, тез арада аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Ошентип, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмаилов менен Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаева азыр Chevrolet Tahoe унаасын колдонушса, вице-премьер-министрлер Малибуга, акимдер Тахо жана Траверске өтүштү. Мурда колдонулган кызматтык унаалар акырындык менен E-auksion платформасы аркылуу аукционго коюлат.

Кошумчалай кетсек, Ташкенттин акими Шавкат Умурзаков да Мерседес-Бенцтен Малибунун пайдасына баш тартып, район акимдери азыртадан эле Chevrolet үлгүсүндөгү унааларды пайдаланып жүргөнү айтылууда.

Учурда бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде министрликтер, ведомстволор, акимдиктер жана Каракалпакстандын Министрлер кеңеши өздөрүнүн автопарктарын жергиликтүү автоунааларына өткөрүштү.

Шавкат Мирзиёев жергиликтүү унааларга өтүүдөн тышкары, кызматтык унааларды колдонууну кыскартууну жетекчилерге тапшырды. Негизги каражаттарды мамлекеттик бюджеттен да, бюджеттен тышкаркы булактардан да сатып алуу боюнча талаптар да күчөтүлөт.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн жасалма интеллектке негизделген системаны киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, сатып алууларга катышкан товарлардын 20%дан ашык кымбатташына жол бербөө үчүн алардын орточо рыноктук бааларына мониторинг жүргүзүү үчүн платформа түзүлөт.