Ташкент, 27.02.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылдын 1-апрелинен тарта кылмыш иштери боюнча жабырлануучулар мамлекеттен акчалай кенемте ала алышат, деп билдирди өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.
Төлөмдөр ден соолугуна келтирилген зыян, тууганынын өлүмү же мүлктүк зыян үчүн берилет. Жабырлануучу каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине бирдей үлүштө 100 базалык эсептик көрсөткүч -БЭК (37,5 миллион сум – 3 миң долларга жакын) өлчөмүндө компенсация төлөнөт.
Ден соолукка зыян келтирилгенде майыптыкка алып келсе:
- I топ — 80 БЭК (30 миллион сум - 2,3 миң доллар)
- II топ — 70 БЭК (26,2 млн. сум - 2 миң доллар))
- III топ — 50 БЭК (18,7 млн. сум – 1,4 миң))
Ден соолукка майыптыгы жок залал келтирген учурда:
- оор жана орточо зыян – 35 БЭК (13,1 млн. сум – 1 миң доллар)
- ден соолугунун кыска мөөнөттүү начарлашы менен болгон жеңил жаракаттар – 25 БЭК (9,3 млн. сум – 700 доллар)
Төлөмдөр соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Пайда салык салынбайт жана чегерүүлөргө дуушар болбойт.
Компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим ушул жобону ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп дайындалган Социалдык коргоо боюнча улуттук агенттик тиешелүү документти алгандан кийин 10 күндүн ичинде аткарылууга тийиш.