Өзбекстанда этникалык кыргыз кыз жылдын мыкты спортчусу аталды

Спорт Загрузка... 30 Декабрь 2025 10:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент облусунда жашаган этникалык кыргыз кызы, таэквондо (WT) боюнча спортчу Айдана Юсупбаева “Жылдын спортчусу” деп табылды. Бул тууралуу Паркент районундагы №33 кыргыз орто мектебинин директору Кубанычбек Жаматов билдирди.

Анын айтымында, Айдана 2009-жылдын 24-апрелинде Ташкент облусунун Паркент районундагы Кыргыз-Овул айылында төрөлгөн.

Ал 2016-жылдын 1-сентябрында Паркент районундагы №33 жалпы билим берүүчү орто мектептин 1-классына кабыл алынган. Башталгыч класстардан тартып эле спортко болгон өзгөчө кызыгуусу менен айырмаланып, учурда ушул эле мектептин 10-классынын окуучусу.

Айдана 2022-жылдан бери Жогорку Чирчик районундагы спорт мектебинин таэквондо (WT) бөлүмүндө машыгып келет. Кыска мөөнөт ичинде шамдагайлыгы, жогорку физикалык даярдыгы жана өжөрлүгү менен көзгө түшүп, райондук жана облустук мелдештерде бир катар байгелүү орундарды багындырган.

2025-жылдын декабрь айында Жиззах облусунда өткөн республикалык мелдеште 1-орунду ээлеп, «Өзбекстандын чемпиону» деген наамга татыган.

Ошондой эле Taekwondo WT ассоциациясы тарабынан жыл ичиндеги машыгууларда көрсөткөн адамгерчилиги, ак ниеттүүлүгү, кайраттуулугу, демилгелүүлүгү үчүн Айдана «Жылдын спортчусу» номинациясы менен сыйланды.

"Бул жетишкендик Өзбекстандагы этникалык кыргыз жаштарынын спорттогу мүмкүнчүлүгүн даана көрсөтүп, мектебибиз жана жергиликтүү коомчулук үчүн чоң сыймык", - деди Жаматов.