Өзбекстанда букмекердик жана кумар оюндары мыйзамдаштырылды

Борбор Азия Загрузка... 03 Март 2025 09:53
d_01.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.03.25. /Кабар/. Олий Мажлистин Сенаты 2025-жылдын 1-январынан тарта букмекердик, онлайн оюндарды жана лотереяларды мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамды жактырды, деп билдирди өлкө парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.

Мыйзамда 5 жылдык лицензиялоо, жарандардын айрым категорияларына катышууга тыюу салуу, кумар оюндарына көз карандылык менен күрөшүү механизмдери киргизилет. Мыйзамсыз чет элдик кызматтарга кирүү чектелген.

Түзөтүүлөр ошондой эле Борбордук депозитарийдин, камсыздандыруу уюмдарынын жана фондулук рыноктун ишин жөнгө салат. Компаниялардын кызматкерлери ESOP алкагында акцияларды сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат.

Өзбекстанда крипто биржаларында иш алып барган чет өлкөлүк юридикалык жактар ​​салык органдарында каттоодон өтүшү керек.

Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.