Ташкент, 04.03.25. /Кабар/. Өзбекстандын министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 3-марттан 10-мартка чейин өлкөдө Аялдардын эл аралык күнүнө арналган "Аялдарды урматтоо" жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча комитетинен билдиришти.
Демилгенин негизги максаты - аялдарды жана алардын укуктарын коргоо, алардын социалдык, экономикалык жана саясий активдүүлүгүн жогорулатуу, иш менен камсыз кылуу жана ишкердикке тартуу, деп айтылат маалыматта.
Жумалыктын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын практикалык жыйынтыктарына арналган медиа сынактар, салтанаттуу жыйындар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, коомдук жана мамлекеттик турмушта жигердүүлүк жана демилгелүүлүк көрсөткөн, коомдун өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон 331 аялды (890 талапкердин ичинен) сыйлоо аземи болот. Аларга "Мутабар аял" ("Урматту аял") төш белгиси ыйгарылат.
Белгилей кетсек, аялдардын эл аралык күнүндө көптөгөн мамлекеттер салттуу түрдө тилектештик акцияларын, ошондой эле аялдарды басмырлоого каршы жана гендердик теңчиликти колдоо жүрүштөрүн өткөрүшөт.