Өзбекстан – Португалия беттеши: Бишкекте фан-зона уюштурулат

Спорт Загрузка... 23 Июнь 2026 09:10
1759764546_predstavlen-oficialnyj-mjach-chm-2026.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте дүйнө чемпионатынын алкагында Өзбекстан – Португалия беттешин түз эфирде көрүү үчүн атайын фан-зона уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, фан-зона Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

"Күйөрмандар дүйнө чемпионатына онлайн күбө боло алышат. Оюн саат 21:00дө башталат", — деп айтылат маалыматта.