Ташкент, 15.05.25. /Кабар/. Өзбекстанда учурда 12 авиакомпания расмий каттоодон өткөн. Бул көрсөткүч боюнча өлкө КМШнын алкагында экинчи орунду ээлейт, деп билдирет Finprom.
Учактардын саны боюнча Өзбекстан үчүнчү орунда – жергиликтүү авиакомпаниялардын карамагында 93 учак бар. Бул көрсөткүч боюнча республика Россия (748 учак) жана Казакстандан (98 учак) кийинки орунду ээлейт.
Авиакомпаниялардын саны боюнча КМШда биринчи орунда Россия турат – анда 39 компания катталган. Үчтүккө кирген Казакстанда 10 авиакомпания бар. Бирок учактардын саны боюнча (98) ал Өзбекстандан озуп чыгып, экинчи орунду камсыздаган.
Жалпысынан КМШ мамлекеттеринде 96 авиакомпания иш алып барат, алардын карамагында 1,1 миңге жакын учак бар.