Ташкент, 05.03.25. /Кабар/. 2024-жылдын 24-февралынан тарта Өзбекстан Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм (ЮНВТО) тарабынан иштелип чыккан Эл аралык туристтерди коргоо кодексине расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу Өзбекстандын экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлиги алдындагы Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстандын экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча министри Азиз Абдухакимовдун айтымында, бул Кодекс пандемиядан кийинки мезгилде туризм жана саякатка болгон ишенимди калыбына келтирүүдө өтө маанилүү.
"Бул кадам өлкөнүн туризм тармагында эл аралык жогорку стандарттарды сактоого жана саякатчылардын укуктарын коргоого умтулганын тастыктоодо. Анын алкагында Өзбекстан бардык туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багыт алган", - деп айтты министр.
БУУнун колдоосу менен иштелип чыккан бул документ саякатчылардын коопсуздугун камсыз кылууга, алардын укуктарын коргоого жана туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Өзбекстандын бул Кодекске кошулуусу өлкөнүн конок тосуу тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө жана аны туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары бекемдөөгө жардам берет, деп айтылат маалыматта.
Серепчилердин баамында, бул Өзбекстандын дүйнөлүк туризм индустриясына интеграцияланышына жана чет элдик саякатчылардын ишенимин жогорулатууга да түрткү берет жана өлкөнүн эл аралык туризм алкагында ээлеген ордун бекемдейт.