Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Быйыл Өзбекстан 1,6 млрд куб метр жаратылыш газын жана 3,5 млрд кВт/саат электр энергиясын үнөмдөөнү пландоодо. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Өзбекстандын телеканалдарынын бирине таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев энергетикалык эффективдүүлүктү жакшыртуу боюнча прзентациянын жүрүшүндө 2035-жылга чейин электр энергиясын керектөө азыркы деңгээлинен 1,7 эсеге көбөйөрүн белгилеген.
“Бул суроо-талапты толук канааттандыруу үчүн өндүрүштү көбөйтүү гана эмес, энергияны үнөмдөө да керек. Биздин өлкөдө калктын жана экономиканын өсүп жаткан керектөөлөрүнө ылайык энергетикалык кубаттуулук ырааттуу өсүп жатат”, - деп белгилеген өлкө башчысы.

Анын айтымында, бул максатка жетишүү үчүн ар бир ишканага жана уюмга илимий жактан негизделген сунуштар берилет.
“Атап айтканда, ири өнөр жай ишканалары үчүн продукциянын бирдигине энергияны сарптоо нормативдери белгиленет. Бул энергиянын чыгымдалышын 5-10 пайызга кыскартат. Социалдык объектилерге энергияны үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу боюнча максаттуу программа бекитилет. Күн коллекторлорун жана күн батареяларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыялар берилет. Мындан тышкары, Япониянын тажрыйбасынын негизинде керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөнүн негиздерине үйрөтүү программасы киргизилет”,-деген Мирзиёев.