Зардалы айылына барчу жолдун курулуш иштери уланууда

Загрузка... 15 Сентябрь 2025 15:33
WhatsApp Image 2025-09-15 at 15.32.09.jpeg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа-Кызыл-Таш- Зардалы жолунун курулуш иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 7,5 чакырымында жолду кеңейтүү жана тегиздөө иштери активдүү жүрүп жатат. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу пландалууда.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.