Замбияда пилдин кол салуусунан улам эки турист каза тапты

Дүйнө Загрузка... 04 Июль 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-07-04 at 13.08.29.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Замбиянын улуттук паркындагы сафари учурунда эки турист пилдин кол салуусунан улам каза болгон. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги полициянын маалыматына таянып жазганын, РИА Новости кабарлады.

Анда белгиленгендей, көз жумган эс алуучулардын бири 68 жаштагы британиялык аял болсо, экинчиси 67 жаштагы жаңы зеландиялык жаран экени аныкталган.

Пилдин аялдарга кол салуусуна ботолорун кызганып коргогону себеп болгону айтылууда. Гиддер жаныбарды токтотууга аракет кылышып, асманга ок чыгарышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.