Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мааракеге карата уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.
Министр белгилегендей, мамлекеттик деңгээлдеги 25 жана эл аралык деңгээлде 7 иш-чара өткөрүлөт. Алар маданий, илимий, билим берүү, дипломатиялык, маалыматтык жана инфраструктуралык иш-чараларды камтыйт.
“Маданият министрлиги тарабынын Шанхай кызматташтык уюумуна мүчө мамлекеттердин арасында 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо демилгеси көтөрүлдү. Андан сырткары, эл аралык деңгээлде ЮНЕСКОнун, БУУнун алкагында маданий иш-чараларды өткөрүү каралууда”,-деди Мирбек Мамбеталиев.