Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Ысык-Көл райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 50 жаштагы К.К.К. кармалды.
Ал нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын системалуу түрдө өзү алып турган. Каражаттар мамлекеттик алымдардын белгиленген тарифтик өлчөмүнөн кыйла жогору болгон.
Мындан тышкары, нотариалдык аракеттердин татаалдыгына жараша мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы 1000 сомдон 20 миң сомго чейин өзгөрүп тургандыгы аныкталган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары уланууда.
УКМКдан белгилешкендей, Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин К.К.К. аттуу мамлекеттик нотариусунун мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына +996392251180, +996555540052 байланыш номерлери аркылуу кайрылуу керек.