Ысык-Көл тарыхка кирди: Кыргызстанда биринчи жолу F1H2O дүйнө чемпионаты өттү

Спорт Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 16:40
1.webp
copyright icon WWW

Кыргызстан эл аралык спорттук аренада маанилүү кадам жасады. 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө алгач ирет UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын "Кыргызстан Гран-приси – Ысык-Көл 2026" этабы өттү. Дебюттук мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулардын оң баасына татыды. Ошондой эле өлкөдө спортту жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

756620290_1630.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Үч күн бою миңдеген көрүүчүлөр дүйнөнүн мыкты пилотторунун ылдамдык, чеберчилик жана жогорку даярдыкты көрсөткөн таймашына күбө болушту. Чемпионаттын бул этабынын жеңүүчүсү болуп финалдык жарышты ишенимдүү өткөргөн америкалык пилот Шон Торренте аталды.

Эл аралык мелдештин негизги багыттарынын бири экологиялык жоопкерчилик болду. H2O Racing уюмунун президенти жана UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жетекчиси Николо ди Сан Жермано айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу чемпионаттын негизги принциптеринин бири экенин белгиледи.

WhatsApp_Image_2026-08-03_at_15.40.33_1.width-800

Анын айтымында, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын тең салмактоо (көмүртек нейтралдуулугу) боюнча программа дүйнөлүк трендге айланганга чейин эле ишке ашырыла баштаган.

"Биз көмүртек нейтралдуулугу боюнча программаны көп жыл мурда баштаганбыз. Бул милдеттүү талап болгондуктан эмес, аны туура чечим деп эсептегендиктен ишке ашырдык. Бул – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз", – деди ал.

Ошондой эле ал суу жашоонун негизи экенин белгилеп, мелдешти уюштурууда жаратылышты сактоого өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Ал эми этаптын жеңүүчүсү Шон Торренте Кыргызстан тууралуу мелдешке чакырылганга чейин дээрлик маалыматы болбогонун, бирок өлкө ага чоң таасир калтырганын айтты.

WhatsApp_Image_2026-08-03_at_15.40.32_1.width-800

Спортчу өзүнүн карьерасында Кариб деңизинин аймагындагы өлкөлөрдө, Австралия, Кытай, Европа жана Жакынкы Чыгышта мелдештерге катышкан. Бирок анын айтымында, Ысык-Көл дүйнөдөгү жарыш өткөрүлүүчү суу аймактарынын арасында өзгөчө орунду ээледи.

"Бул жакка келгенде жаратылыштын кооздугуна абдан суктандым. Чынында эле укмуштуудай кооз жер экен", – деди пилот.

Торренте дүйнө чемпионатынын этабынын Кыргызстанда өткөрүлүшү эл аралык коомчулукту өлкө менен жакындан тааныштырууга мүмкүндүк берет деп эсептейт. Анын айтымында, мелдештин түз алып көрсөтүүсүн дүйнөнүн 80-90 өлкөсүндөгү көрүүчүлөр көрүшөт. Бул Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууда олуттуу жарнама болот.

Суудагы жарыш жаңы өнүгүү этабына чыкты

Бул мелдешти өткөрүү өлкөнүн спорт тармагы үчүн да маанилүү этап болду. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин айтымында, Кыргызстанда дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүүгө керектүү инфраструктура болгону эки айдын ичинде түзүлдү.

WhatsApp_Image_2026-08-03_at_15.40.33.width-800

Мындан тышкары, суудагы "Формула-1" жарышы расмий түрдө Кыргызстандын спорт түрлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилди.

"Эми спортчуларды каржылоо маселесин чечүү зарыл. Бул үчүн өзүнчө бюджет каралат, мелдештер бирдиктүү спорттук календарлык планга киргизилип, мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт", – деди Асанбаев.

Анын айтымында, 2027-жылдан тартып мелдешти уюштуруу ишин түздөн-түз Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Дүйнөлүк деңгээлдеги даярдык

Кыргызстандын суудагы мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдык иштери ушул жылдын январь айында эле башталганын билдирди.

ee4fd7.2e16d0ba.fill-1200x630.format-jpeg.jpeg.width-800

Ысык-Көлдүн жээгиндеги ар кандай тилкелер изилденип, акыркы үч жылдагы аймактын аба ырайынын шарттары жана климаттык өзгөчөлүктөрү талдоого алынды. Эл аралык комиссия H2O Racing уюму менен биргеликте комплекстүү баалоо жүргүзгөндөн кийин гана дүйнө чемпионатынын этабын дал Кыргызстанда өткөрүү чечимине келген.

Мелдештин өзгөчөлүгү – чемпионаттын тарыхында биринчи жолу жарыштар деңиз деңгээлинен болжол менен 1600 метр бийиктикте өткөнү болду.

Абылкасымовдун айтымында, кыргыз тарап менен H2O Racing уюмунун ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлгөн. Ошондой эле тараптар Кыргызстанда дүйнө чемпионатынын этаптарын 2030-жылга чейин өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен.

Жакынкы айларда мелдештерди уюштурууну мындан да жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк бере турган узак мөөнөттүү келишимдин шарттарын талкуулоо пландалууда.

WhatsApp_Image_2026-08-01_at_17.11.45_1.width-800

Мындан тышкары, Кыргызстандын суудагы мотор спорту федерациясы Эл аралык федерациянын Башкы ассамблеясына катышууга чакыруу алды. Анда Кыргызстанда жаңы эл аралык мелдештерди, анын ичинде электр кыймылдаткычтары менен жүрүүчү кайыктар жана жогорку ылдамдыктагы моторлуу кайыктар боюнча жарыштарды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Коопсуздук жана кызыктуу мелдеш

Чемпионат учурунда коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, мелдештерде 120дан ашык кызматкер, анын ичинде суучулдар, куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр тартылды.

Суу аймагында төрт суучулдар посту иштеп, жээкте өрт өчүрүүчү топтор жана кошумча куткаруучу бөлүктөр нөөмөттө турушту. Жалпысынан 30дан ашык атайын техника колдонулду.

WhatsApp_Image_2026-08-03_at_15.40.32.width-800

Министр ошондой эле мелдешке даярдык көрүүнүн алкагында быйыл Ысык-Көлдүн түбүнөн эки тоннадан ашык таштанды чыгарылганын билдирди.

Турнирдин эң таасирдүү учурларынын бири – флайборд менен чыккан кыздын Кыргызстандын мамлекеттик туусун асманга көтөрүп, көп сандаган көрүүчүлөрдүн суктануусун жараткандыгы болду.

Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттеринин катышуусу да мелдештин жогорку макамын тастыктады.

760294727_1630.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Кыргызстан ири дүйнөлүк мелдештерди кабыл алууга даяр экенин көрсөттү

Дүйнө чемпионатынын этабынын жабылуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Анын айтымында, дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү спорт тармагы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя болду.

“Ушул күндөрү Ысык-Көл дүйнөнүн эң мыкты спортчуларын жана сууда жүрүүчү эң ылдам жарыш унааларын тосуп алды. Кыргызстан суу-мотор спорту боюнча дүйнөлүк борборго айланды, ал эми дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөр биздин жаратылышыбыздын кооздугун, элибиздин меймандостугун жана өлкөбүздүн потенциалын көрө алышты. Биз Кыргызстан ири эл аралык иш-чараларды жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттүк”, – деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
5438253660413565393.width-800

Анын айтымында, чемпионат спорттук мелдештиктен алда канча ашып, мамлекеттер аралык достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтчага айланды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдөгү этап аяктагандан кийин UIM F1H2O дүйнө чемпионаты Кытайдын Шанхай шаарында уланат. Бирок Кыргызстандын бул мелдештеги алгачкы дебюту дүйнөлүк суудагы мотор спортунун тарыхына кирди. Мелдештин ийгиликтүү уюштурулушу, жогорку деңгээлдеги даярдык жана эл аралык коомчулуктун кызыгуусу жакынкы жылдары Ысык-Көлдү дүйнө чемпионатынын туруктуу аянтчаларынын бирине айландырууга бекем негиз түзөт.