Ысык-Көлдүн түбүндөгү катмарлар климаттын көп жылдык өзгөрүүсүн көрсөтөт – сейсмолог

Экология 13 апрель 2026 10:50
Ысык-Көлдүн түбүндөгү катмарлар климаттын көп жылдык өзгөрүүсүн көрсөтөт – сейсмолог

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн түбүндө табылган катмарлар аймактагы климаттын көп жылдык өзгөрүүсүн чагылдырат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, сүрөт сейсмикалык томографиянын жардамы менен алынган.

“Сүрөттө – көлдүн түбү тартылган. Сол жагы – түндүк, оң жагы – түштүк. Ачык күрөң жана күрөң тилкелер көлдүн түбүндө топтолгон катмарлар. Тилкелердин кезектешип жайгашышы Ысык-Көл аймагындагы климаттын жылуу жана суук мезгилдеринин алмашып турганын билдирет.

Бул тилкелерди изилдөө аркылуу акыркы бир нече миллион жыл ичиндеги климаттын өзгөрүүсүнүн жалпы көрүнүшүн алууга болот”,-деп жазды сейсмолог.