Ысык-Көлдөн Душанбе жана Худжандга аба каттамдарын ачуу пландалууда

Загрузка... 17 Апрель 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөн Душанбе жана Худжандга аба каттамдарын ачуу пландалууда.

Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостоновдун Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзода менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Душанбе-Бишкек-Душанбе жана Худжанд-Бишкек-Худжанд багыттары боюнча каттамдардын санын көбөйтүү, Душанбе-Ысык-Көл жана Худжанд-Ысык-Көл багытында жаңы каттамдарды ачуу, учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, жолугушуу 15-апрелде Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.