Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски торлор чыгарылды

Экология 11 май 2026 09:32
Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски торлор чыгарылды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски торлор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суучулдар эски торлорду 10-май күнү көлдү тазалоо учурунда Түп районунун Күрмөнтү айылынын тушунан алып чыгышкан.

Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.