Ысык-Көлдөн 500 метр мыйзамсыз тор чыгарылды

Экология 127 18 Август 2026 12:10

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.

Рейддик иш-чара Жаркынбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык тор суудан чыгарылды.

"Мындай синтетикалык торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип, балыктардын жана башка суу жаныбарларынын кырылышына алып келиши мүмкүн. Ысык-Көлдүн биологиялык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат",-деп айтылат маалыматта.