Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясында жүргүзүлгөн рейд учурунда 4 миң 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд 11-октябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн.
Адистердин белгилешинче, эски синтетикалык торлор балыктардын популяциясына жана көлдүн экосистемасына зыян келтирет.
Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддер улантылат.