Ысык-Көлдөн 300 метр “жибек жип” чыгарылды

Экология 16 Май 2026 11:00
IMG_20260515_085603.jpg.jpeg
IMG_20260515_122236.jpg.jpeg
IMG_20260515_134706.jpg.jpeg
IMG_20260515_105903.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_20260515_085603.jpg.jpeg
IMG_20260515_122236.jpg.jpeg
IMG_20260515_134706.jpg.jpeg
IMG_20260515_105903.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз торлорго каршы кезектеги рейд учурунда 300 метр “жибек жип” тор чыгарылды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдиргендей, күн мурун Ысык-Көл районунун бир катар айылдарында көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Тазалоо Чоң-Өрүктү, Кичи-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Жаркынбаев, Ананьево, Семёновка, Кожояр, Григорьевка, Кашат жана Темировка айылдарынын жээгин камтыды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 миң 400 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылды.

Аталган кызмат мындай рейддер туруктуу негизде өткөрүлүп, көл экосистемасын сактоо багытындагы иштер күчөтүлгөн тартипте улантыла тургандыгын билдирди.