Ысык-Көлдөн 2000 метр эски синтетикалык тор чыгарылды

Аймак 13 октябрь 2026 11:05
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясынан 2 миң метр эски синтетикалык тор жана 20 кгдан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү айылдарында, Дархан жана Тосор айылдарынын ортосундагы аймактарда жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү аймактарынан 700 метр, ал эми Дархан – Тосор аралыгынан 1 миң 300 метр эски синтетикалык тор алынган.

Министрликтен белгилешкендей, мындай торлор суудагы балыктарга жана башка жаныбарларга коркунуч жаратып, көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет. Ысык-Көлдү тазалоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча рейддер улантылат.