Ысык-Көлдөгү Royal Gate боз үй лагери Booking Awards 2025 сыйлыгын жеңип алды

Туризм 6781 05 Февраль 2025 14:11
0.original.jpg
475979395_648707094487633_6584994469475142898_n.original.jpg
Алдыга
Артка
0.original.jpg
475979395_648707094487633_6584994469475142898_n.original.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Жомок каньонундагы "Royal Gate Yurt Camp" долбоору Booking.com платформасында 10дон 9,5 жогорку рейтингге ээ болуп, абройлуу Booking Awards 2025 сыйлыгынын жеңүүчүсү болду.

Фонддун маалыматы боюнча, сыйлык тейлөөнүн сапатын жана эс алуу атмосферасын баалаган коноктордун оң пикирлеринин негизинде берилди.

Мындай сыйлыкты алуу Royal Gate конокторуна көрсөткөн жогорку деңгээлдеги тейлөөнү жана комфортту тастыктайт. 10дон 9,5 деген баа бул команданын ийгиликтүү ишинин таанылышы гана эмес, келечектеги коноктордун кепилденген ишеними, бул глампинг сапаттуу эс алууну каалагандар үчүн жагымдуу тандоо болуп саналат.

“Бул ийгилик бүтүндөй команданын эмгегинин жана конокторубуздун колдоосунун натыйжасы. Биз эс алуу үчүн Royal Gateти тандап алып, өз таасирлери менен бөлүшүшкөндөргө ыраазычылык билдиребиз», - деп белгилешти боз үй конушунун өкүлдөрү.

Белгилей кестек, аталган сыйлык Royal Gate компаниясына кошумча атаандаштык артыкчылык берип, туристтик трафикти көбөйтүүгө жана рынокто анын аброюн жогорулатууга жардам берет.