Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. 1-июлдан 1-августка чейин жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 185 административдик протокол түзүлүп, 2 миллион 94 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Жаратылыш министрлигинен билдиришкендей, андан сырткары, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн негизинде 57 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 818 миң сомду түзгөн айып пулдар өндүрүлдү.
Ошондой эле балык ресурстарын коргоо жаатында 17 административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 4 миң 40 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Текшерүү иш-чараларынын алкагында Ысык-Көлдүн суу коргоо аймагында жайгашкан эс алуу жайлары, туристтик объектилер жана башка чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн аймактар көзөмөлгө алынды.