Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген кооперативдердин жана ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, анда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
"Ак-Суу органик" кооперативи учурда органикалык таза продукциялардан кыям, табигый чөптөрдөн чай жана жүндөн кийиз жана башка буюмдарды жасайт.
“Ак-Суу Агроплюс” кооперативи органикалык таза сүт азыктарын жана картошка өндүрүү менен алектенет. Кооперативдин 10 мүчөсү бар. Кооперативдин өкүлдөрү ишмердүүлүктү кеңейтүү максатында кошумча айдоо жерлерин ижарага алуу маселесинде көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Министрдин орун басары бул маселе мыйзам талаптарына ылайык караларын билдирди.
Ошондой эле Рысгүл Акимжанова “Ак-Жалга” ЖАКынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишканада учурда күнүнө 40 тонна сүт кайра иштетилип, сыр, быштак, каймак жана башка сүт азыктары өндүрүлөт.
Мындан тышкары, “Кредо Бак” кооперативинин иши менен таанышты. Кооператив өрүктөн шербет өндүрүү менен катар мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч жайды иштетет.