Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. 16-майда Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы көл жээгинде балык уулоо спорту боюнча республикалык Chebak Cup 2026 мелдеши өтөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, турнир Балык уулоо спорту федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Мелдеш 18 жаштан жогорку курактагы ышкыбоздор жана профессионал балык уулоочулар арасында өткөрүлөт.
Катышуу үчүн Ысык-Көл чабагын уулоого уруксат берүүчү балык уулоо белетин алуу шарт. Белетти сайт аркылуу же MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.
Катышуучуларга төмөнкү балык уулоо шаймандарын колдонууга уруксат берилет:
- фидер;
- түпкү уулоо шайманы;
- калкыма уулоо шайманы.
Кошумча маалымат жана каттоо боюнча +996 706 270 703 номери аркылуу Балык уулоо спорту федерациясынан алууга болот.
Иш-чара өлкөдө балык уулоо спортун өнүктүрүүгө жана активдүү эс алууну жайылтууга багытталган.
Белгилей кетсек, турнир саат 06:00дөн 11:00гө чейин өтөт.