Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга 15 миң сом айып салынды

Укук тартиби
Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга 15 миң сом айып салынды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 19.11.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда атмосфералык абанын сапатын коргоо жана булганышынын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда автоунаалардан атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууга байланыштуу мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди. Анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жалпы 15 миң сомдук административдик протоколдор түзүлдү.

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте өткөрдү.