Ысык-Көлдө 638 млн сомдук пансионат жана балдар лагери мамлекетке кайтарылды

Аймак 1542 13 Июнь 2025 10:41
WhatsApp Image 2025-06-13 at 09.00.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-13 at 09.00.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-13 at 09.00.45 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-13 at 09.00.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-13 at 09.00.45.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-13 at 09.00.45 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Ысык-Көл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген 638 млн сомдук социалдык объекттер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Сары-Ой айылында жайгашкан мурдагы "Геолог" пансионаты жана "Орленок" балдар ден-соолукту чыңдоо лагери 12,81 га жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 638 млн сомду түзгөн жогоруда белгиленген социалдык объекттер жер тилкелери менен биргеликте мамлекетке кайтарылды.