Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Бирлик айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 80,9 млн сомду түздү.
Эки кабаттуу бала бакча заманбап талаптарга ылайык курулуп, балдар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Бала бакчада бөбөктөрдүн уктоосу жана тарбиялык сааттарды өткөрүүсү үчүн бөлмөлөр, ашкана, дарыгердин бөлмөсү жана кабылдама жайгашкан.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменттин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, объекттин сапаты тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлдү.