Ысык-Көл форумунда гуманисттик баалуулуктар тууралуу пикир алмашылды

Коом 539 20 Июнь 2026 11:10
726440335_2046078142782512_1911616910567667259_n.jpg
727029266_992408980097176_8451010616721672034_n.jpg
725547217_1693745631863775_1000721434872491934_n.jpg
725708558_885687027236020_6464335949240012049_n.jpg
726565134_866145566571617_6465136276382682462_n.jpg
725222105_2838974309802012_4536325994823868864_n.jpg
727243770_993325266740850_8639332016809033804_n.jpg
727323164_3499471006895047_3714736584608940203_n.jpg
727587490_1523119086269142_937845133510995778_n.jpg
727788075_3076493352547056_1755925531144068035_n.jpg
728449546_1350428887187575_1435115220759928657_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Чолпон-Атада Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чаралар уланууда.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 19-июнда №2 мамлекеттик резиденцияда форумдун пленардык жыйындары өттү.

Форумдун биринчи бөлүгүнүн модератору мамлекеттик катчы Арслан Койчиев болду. Жыйында Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Румыния, ошондой эле ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Пленардык жыйындын кийинки бөлүгү маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тарабынан модерацияланды. Анда Казакстан, Улуу Британия, Италия жана Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, саясат таануучулары жана жазуучулары баяндама жасашты.

Форумдун кийинки сессияларында Түрк академиясынын, Тажикстандын жазуучулар союзунун, Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун, ошондой эле Испания, Кытай жана Украинанын өкүлдөрү катышып, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду, маданияттар аралык диалог жана азыркы дүйнөдөгү гуманисттик баалуулуктар тууралуу пикир алышышты.

Сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк гуманизмдин устаты катары гениалдуулугун жана форумдун тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана жаратуучулук кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эл аралык диалог аянтчасы катары маанисин өзгөчө белгилешти.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл эл аралык форуму 21-июнга чейин уланат.