Ысык-Көл электр тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

Аймак 6 октябрь 2026 17:55
WhatsApp Image 2026-10-06 at 17.23.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 17.23.49.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 17.23.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 17.23.49.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер энергетикалык объектилерди кыдырып, электр жабдууларынын техникалык абалына жана күз-кыш мезгилине даярдык алкагында аткарылган иштерге баа беришти.

Жыл башынан бери Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы 35тен 220 кВга чейинки чыңалуудагы 56 көмөк чордондо 4 миң 704 электр жабдуусун пландуу техникалык тейлөөдөн өткөрүшкөн. Ошондой эле 44 көмөк чордондо 403 электр жабдуусуна капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

35–220 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларында да тиешелүү иштер аткарылган. Жыл башынан берки 9 айда 1 миң 173 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өтүп, 99,1 чакырым электр зымы капиталдык оңдолгон.

Мындан тышкары, эскилиги жеткен 1 миң 847 фарфор изолятор заманбап айнек изоляторлорго алмаштырылды.

Ал эми 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарында 225 көмөк чордондо капиталдык оңдоо, 1 миң 126 көмөк чордондо техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Ошондой эле 206,2 чакырым электр зымы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 1 миң 107 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы облус боюнча 134 миң 991 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.