Ысык-Көл электр тармагынын 215 кызматкери квалификациясын жогорулатат

Аймак Загрузка... 21 Февраль 2025 10:43
594371623828376_big.jpg
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын 215 кызматкери квалификациясын жогорулатат.

Ведомстводон билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын январь айында 61 кызматкер жүк көтөрүүчү машиналарды коопсуз эксплуатациялоого жана жүктөрдү ташууга жооптуу инженердик-техникалык кызматкерлердин курстарын бүтүргөн.

Курстун программасына ылайык, теориядан тышкары, жеринде баруу менен практикалык сабактар өткөрүлдү. Ошондой эле адистер автокран менен иштөөдө коопсуздук чараларын сактоого үйрөтүштү.

"Окутуунун негизги максаты – ар бир кызматкердин коопсуздугун жана жүктөрдүн кыймылын камсыздоо, ошондой эле кандай гана кырдаал болбосун техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.