Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Ысык-Ата районунда 100 гектар аянтты камтыган жерге заманбап технологиялар менен жабдылган тери заводу курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда терилер дайыма жакшы иштетилбей келет. Мындан улам президенттин тапшырмасынын негизинде тери өндүрүшүн натыйжалуу пайдалануу үчүн, завод куруу чечими кабыл алынды. Аталган жер мурда жеке менчикте болгон, учурда мамлекетке өткөрүп берилди.
“Жакын арада анын курулушу башталат. Бирок, тери заводду куруудан мурда саркынды сууларды тазалоочу жайлар керек экен. Саркынды сууларды тазалоочу жайлар болмоюнча тери заводун курууга болбойт. Болгондо да ал өндүрүштүк болушу керек. Өлкөдө тери заводдору бар, бирок алар заманбап талаптарга жооп бербейт. Биз бул жолу жаңы технологияларды колдонуу менен завод курабыз бул өнөр жай аймагына каалаган адам кире албайт. Анда жүн, тери жана мал чарбачылыгына байланышкан ишканалар гана иш алып барат. Заводдо мал жандыктарынын калдыктары, тери жана жүн кайра иштетилет”,-деп белгиледи ал.