Ысык-Атада ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 14 Октябрь 2025 12:45
560571542_848404804512420_7998569386574930870_n.jpg

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун, Ысык-Ата районунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана сатууга шектелген жаран кармалды.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Ысык-Ата районунун аймагында жашаган «Р» аттуу жаран жана анын айланасындагы адамдар баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) мыйзамсыз алуу жана андан ары сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөндүгү боюнча маалымат келген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатын мыйзамсыз сатууга шектүү катары 1965-жылы туулган С.А. аттуу жаран аныкталган.
С.А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда анын уктоочу бөлмөсүнөн салмагы 158,03 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат салынган таңгак табылып, алынган.

Экспертизанын жыйынтыгында бул зат кара куурай (гашиш) болгон.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.